Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Ошто калабанын курмандыктары эскерилди


Бүгүн Ош шаарында Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди. Иш-чараны «Ош шейиттери» коомдук уюму уюштуруп, ага калабада балдарынан, жакындарынан айрылган 60ка жакын эне катышты. Набыт кеткендерге куран окулуп, мындан ары андай окуяга жол бербөө керектиги айтылды.

Энелер учурда эл арасында улут аралык араздашуу кайра чыгышы мүмкүн деген түрдүү кеп тарап жатканын айтышты.

Бирок облустук казыят жана милициянын жетекчилиги андай провокацияга алдырбоого, тополоң чыгышына себеп, негиз жок экенин белгилешти.

Быйыл июнда Ош жана Жалал-Абаддагы 2010-жылкы улут аралык кандуу окуяга 5 жыл болот. Анда 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган болчу. (YI)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG