Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Түркияда күрд партиясынын кеңселеринде жарылуу болду


Элдик-демократиялык партиянын кеңселериндеги эки башка жарылуулардан кеминде алты киши жаракат алды.

Жарылуулар бул партиянын Мерсин жана Адана шаарларындагы бөлүмдөрүндө болду.

Түркиянын "Доган" кабар агенттигинин маалыматына караганда, бомба Элдик-демократиялык партиянын Аданадагы кеңсесине баштык менен жиберилген, ал эми Мерсинде эшик алдындагы гүлдүн арасына ташталган.

Саясий партия кеңсесиндеги жарылуулар Түркиядагы парламенттик шайлоо алдына туш келди.

Күрддөрдүн жаңы саясий уюму катары 2013-жылы түзүлгөн Элдик-демократиялык партия 7-июндагы шайлоонун натыйжасында 10% босогону багындырып, Түркиянын парламентине кирүүгө үмүт артууда. (UE)

XS
SM
MD
LG