Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланддын Москвадагы сапарын Кремль АКШ –Орусия алакасы оңоло баштаганынын жышааны катары сыпаттады.
Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин жана тышкы иштер министри Лавров АКШ мамлекеттик катчысы Керри менен кездешкенде эки жак үчүн “тыгыз диалогдун “ зарылдыгы белгиленген.
АКШ мамлекеттик катчысы Орусияга өткөн аптада келип кеткен эле.
Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, Виктория Нуланд Москвада Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу келишимин аткаруудагы кийинки кадамдарды талкуулайт.
Ал орус расмий өкүлдөрү менен жолугар алдында бүгүн орусиялык ардагер укук коргоочу Людмила Алексеева менен кездешти. (UE)