ЭлТР телеканалында башкы директордун жаңы орун басарлары дайындалды. Каналдын жетекчиси Максуда Айтиеванын "Азаттыкка" айтымында, Султан Абдрахмановдун ордуна Кылыч Мурзалиев, Бейшенбек Бекешовдун ордуна Айбек Мусаев келди. Буга чейин техникалык директор кызматын ээлеп келген Бекмамат Көчкөнов да директордун орун басары деген кызматка ээ болду.
Бир ай мурда ЭлТРде ички жаңжал чыгып, Бейшенбек Бекешов баштаган топ Максуда Айтиеванын иштен кетишин талап кылган. Айтиева мындай талап негизсиз экенин билдирген. (RK)