Ошто коррупция илдетин иликтөө демилгеленип жатат. Бул тууралуу «Азыттыкка» укук коргоочу Бахтияр Мамаджанов билдирди. Анын айтымында, жарандык демилгечилер тобу шаардын уставынын негизинде эл, бийлик жана жергиликтүү депутаттардан куралган комиссия түзгөнү жатат.
Ал комиссия Ош шаарындагы курулуш, турак-жай жана жер сатуу жаатындагы коррупциялык көйгөйлөрдү иликтөөгө алат.
Оштогу турак-жай бөлүштүрүү, жер сатуу жана курулуштардын мыйзамсыздыгы боюнча шаардык бийликтин дарегине ири дооматтар айтылып келет. Бул тууралуу "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында да сөз болгон. (YI)