Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Украина колго түшкөн орус аскерлерине терроризм боюнча айып тагат


Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Налывайченко.
Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Налывайченко.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Налывайченко дүйшөмбү күнү Киевден кабарчыларга билдиргендей, алар кармаган орусиялык эки аскерге “террордук кылмыш”, “террордук ишмердик” жасаган деген айып коюлмакчы.

Украин армиясы өлкө чыгышындагы жикчилерге каршы күрөшүн азыр деле “антитеррордук операция” деп атоодо.

Армиянын башкы штабынын ырастоосунда, орусиялык эки жоокер Луганск облусунда майдан тилкесине жакын жерден колго түшүрүлгөн.

Буга чейин жарыяланган видео тасмага караганда, туткундалган жоокерлердин бири суракта Орусиянын элиталык аскер бөлүгүнүн сержанты экенин айтып жатат.

Орусия Украинанын чыгышында козголоңчуларга жардам берген аскерлери бар деген ырастоолорду такай четке кагып келет. Расмий Москва мындай билдирүүнү дүйшөмбү күнү дагы жасады.

Бул аралыкта Москвада АКШ Мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал Орусия борборундагы жолугушуулардан кийинки басма сөз жыйында Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттары “күн сайын” бузулуп жатканын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG