Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Еврошаркет деңизде аткезчилерге каршы операция жүргүзөт


Жер ортолук деңизинен куткарылган мигранттар. 13-май, 2015-жыл.
Жер ортолук деңизинен куткарылган мигранттар. 13-май, 2015-жыл.

Адамдарды Түндүк Африкадан Европага аткезчилик жол менен ташыган бандиттик топторго каршы Жер ортолук деңизинде атайын аскер-деңиз миссиясын түзүүнү Еврошаркет дүйшөмбү күнү макулдашты.

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин айтымында, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынында кабыл алынган чечим адам аткезчилиги менен алектенгендердин “Жер ортолук деңизиндеги бизнес моделин жана аткезчилик түйүнүн бузууга жардам берет”.

Могерини кошумчалагандай, бул операция тиешелүү аскерий даярдыктар көрүлгөн соң кийинки айда башталат деп күтүлүүдө.

Еврошаркеттин максаты - аткезчилерди кармап, алардын Ливиянын жээгиндеги кайыктарын талкалоо. Анткени, акыркы кездери Түндүк Африкадагы жакырчылыктан жана согуштан качкан мигранттар саны Европада кескин өсө баштады. Ал эми адам аткезчилиги менен алектенгендер мигранттарды мыйзамсыз ташууну акча табуунун булагына айлантууда.

Еврошаркет өлкөлөрүнүн көбү деңиздеги операциясына Улуттар уюму уруксат беришин көздөөдө. Бул үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши атайы резолюция кабыл алуусу талап кылынат.

Жер ортолук деңизи аркылуу Европага быйыл он миңдеген мигрант кирди. Алардын кеминде 1800дөйү деңизде чөгүп кетти. (UE)

XS
SM
MD
LG