Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Кара-Сууда айылдык кеңешти шайлоодо чыр чыкты


Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодон чыр чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин бири Нурсултан Калматов өзү билдирди.

Анын айтымында, шайлоо учурунда бир ирет биометрикалык маалыматтын негизинде добуштарды кабыл алуучу электрондук урнанын иши үзгүлтүккө учураган. Шайлоонун соңунда добуш берүүнүн жыйынтыгы эч бир талапкерле айтылган эмес, протоколу да толтурулбастан калган.

Боршайкомдун Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Расул Кадыров шайлоо мыйзамдуу өткөнүн, нааразы тараптар үч күн ичинде арызданууга укуктуу экенин айтты.

17-майда Кыргызстандагы айылдык кеңештерге шайлоо болгон. Добуш берүү биометрикалык урналарды колдонуу менен алгачкы жолу өткөрүлдү.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG