Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Жол кайгуул кызматынын бардык мекемелери текшерилет


Жакында Мамлекеттик жол кайгуул кызматына караштуу бардык мекемелерди жана аларда иштеген кызматкерлерди жапырт текшерүү башталат. Анын жыйынтыгы менен кызматкерлердин жүрүм-турумуна, куралга, курал колдонуу эрежелерине мамилесине баа берилет. Бул тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаева коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча өкмөттө уюштурулган жыйында билдирди.

Мындай демилгенин көтөрүлүшүнө өткөн аптада эки "маичинин" катышуусундагы жаңжал себеп болду. 16-майда Чүй облустук Жол кайгуул кызматынын эки кызматкери жумуштан соң чырлаша кетип, бири экинчисин кызматтык тапанча менен атып, жарадар кылган. Милиция кызматкерлери мас абалында болгону кабарланган.

Ички иштер министрлиги бул боюнча иликтөөнү баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG