“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист, ишкер Табылды Эгембердиевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй көрүстөнүнө коюлду. Коштошуу зыйнаты бүгүн Көк-Жар айылындагы курган “Супара” этнографиялык комплексинде болду.
Табылды Эгембердиев 16-май күнү, 64 жаш курагында, узакка созулган оорудан дүйнө салды.
Ал 1992-жылы иниси менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөгөн.
1990-жылдардын башында коомдук-саясий турмушка активдүү аралaшып, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөгө катышып, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө зор салым кошкон. (SE)