Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Оштогу мечит имамдары айлык алуу үчүн аттестациядан өтөт


Ош облусунда ири деп эсептелген 182 мечиттин имамдары муфтияттын буйругунун негизинде аттестациядан өткөнү жатышат. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты. Учурда алардын өздүк документтери, соттолбогону тууралуу тастыктамалар, мүнөздөмө, өмүр баян жана эмгек китептериндеги маалыматтар такталууда. Аттестациядан ийгиликтүү өткөндөрү имамдык кызматта калып, маяна менен иштей башташат.

Ош облусунун аймагында жалпысынан 822 мечит бар. Анын ичинде чоң 182 мечиттин имамдарына маяна берүү чечилген. Калгандарынын маянасы аттестациялоонун экинчи этабында каралат. (YI)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG