Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Орусия хоккей эрежесин бузганы үчүн жазаланат


Жеңүүчү Канаданын гимни ойноло электе муз талаасын таштап кеткени үчүн Орусиянын хоккейчилери Эл аралык хоккей федерациясы тарабынан жазаланышы мүмкүн. Федерациянын жетекчиси Рене Фазел мындай жүрүм-турумду кабылдоого болбой тургандыгын белгилеп, «кандайдыр бир жаза колдонулат» деди. 17-майда Прагадагы беттешүүдө Канада Орусияны 6-1 эсеби менен утуп алган эле. Оюн бүтүп, күмүш медалдары тапшырылгандан кийин, орусиялык хоккейчилердин көбү аренадан чыгып кеткен. Орусиялык федерациянын башчысы Владислав Третяк хоккейчилер «уюштуруу жаатындагы калпыстыктан улам» кетип калышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG