Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Азербайжандагы өрттө 15 киши набыт болду


Баш калаа Бакыда 16 кабат үйдөн өрт чыгып, аз дегенде 15 киши каза тапты. Саламаттыкты сактоо министрлиги "Азаттыктын" азери кызматына дагы 63 киши жараат алып, ооруканага жеткирилгенин бышыктады. Өрт чыккан жерге барган баш прокурор Закир Камалов кырсык «имараттын сырткы каптоосунун» сапатсыз болгонуна байланыштуу чыкты деген божомолун билдирди. Камаловдун сөзү боюнча, Чукул кырдаалдар, Ички иштер министрликтери Башкы прокуратура менен бирдикте тергөө жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG