Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

Секелектердин ишине байланыштуу укук коргоочулар бийликке кайрылышты


Өгөй атасы зордуктады деген шек менен ооруканага түшкөн эки секелек кыздын тагдырына тынчсызданган укук коргоочулар президентке, премьер-министрге жана спикерге кайрылышты. Анда өгөй атасы зордуктаган деп шектелген он жана алты жаштагы эки кыздын ишине байланыштуу милиция тиешелүү кадамдарга барбай жатканы, ички иштер министри бул ишти Чүй облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүүнү буйруса да, иш алигиче Аламүдүн РИИБдө жатканы айтылган. Ошондой эле кайрылуу ээлери Аламүдүн райондук жана республикалык сотмедэкспертиза врачтардын “кыздар сексуалдык зомбулукка кабылышкан” деген жыйынтыгына карабай, “зомбулуктун изи жок” деген тыянак беришкенин белгилешет.

Мындан тышкары өткөн жумада эле “өгөй атасынын курмандыгы болушканын айткан кыздар эки күн үйүндө болгон соң, тергөөдө көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, эч кандай зомбулук болбогонун айтып жатышканын, коомчулук көз карандысыз экспертиза жүргүзүлүүсүн талап кылганы менен ал ишке ашырылбаганын жана Аламүдүн райондук балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн өкүлү кыздардын кызыкчылыгын коргогусу келбегенин баса бекемдешип, бийлик ээлеринен бул окуяны көзөмөлгө алуусун сурашкан.

14-май күнү социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдини өгөй атасы зордуктады деген шек менен алып барышкан. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG