Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Порошенко Орусия менен согуш кырдаалы түзүлүп калды деп билдирди


Ал Би-би-сиге курган маегинде Украина Орусия менен чыныгы согуш абалында турганын айтып, бул үчүн украин аймагында эки орусиялык аскердин кармалганын мисал келтирди. Өткөн жумада Лугансктагы украин аскерлери көзөмөл кылган аймактан Орусиянын чалгындоо башкармалыгынын эки офицери кармалганы кабарланган. Бирок Москва бул маалыматты караманча танып, кармалган эки офицер Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн чыгып кеткенин билдирген.

Порошенко орусиячыл жикчилдер Украинанын чыгышында быйыл жайында дагы кол салууга барарын айтууда. Журналисттин "Путинге ишенесизби?" деген суроосуна Порошенко жок деп жооп берди, бирок ошол эле учурда расмий Киев Кремл менен сүйлөшүүгө барууга аргасыздыгын айтты.

XS
SM
MD
LG