Лондондо адабият айдыңындагы кадырлуу эл аралык сыйлыктардын бири Мэн Букердин жеңүүчүсү аталды. 60 миң фунт өлчөмүндөгү сыйлыктын быйылкы ээси мажарстандык Ласло Краснохоркай болуп калды.
Краснохоркайдын алгачкы чыгармасы 1977-жылы жарык көргөн. Жазуучунун чыгармаларынын ичинен “Шайтандын бийи” жана “Каршылык көрсөтүүнүн меланхолиясы” деп аталган романдары окурмандарга көбүрөөк жаккан.
60 миң фунттан тышкары быйылкы сыйлыкта чыгарманы англис тилине которуу үчүн дагы 15 миң фунт бөлүнөт. Жалпысы болуп быйылкы сыйлыктын көлөмү 118 миң доллардын тегерегинде болмокчу. Мен Букер сыйлыгы эки жылда бир берилет.