Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Бишкекте сел турак үйлөрдү каптады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 19-майдагы катуу жаандан Арча-Бешик конушунда Манка-Жар коктусунан сел жүрүп, каналдын жээгинде жайгашкан турак үйлөрдү жана чарба курулуштарын каптап кетти. Суу ташкындан Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль менен Чортекова көчөсүнүн кесилишинде алты турак үйдүн короо жайы жабыркаган. Жогорку Орок айылында бир турак үйдүн далисинин дубалын тешип, сегиз турак үйдүн короо жайын суу жууп кеткен.

Министрликтин Бишкек шаары боюнча башкамалыгынын ыкчам тобу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, жер төлө, короо сарайлардагы суу сордурулуп тазаланды. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG