Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:45

Сириядан кайтып келген 33 адам камалды


Соңку бир жылда Сирияда машыгуудан өтүп келген 33 адам кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Кармалгандар Кыргызстанга келген соң жарандарды Сирияга жөнөтүү, үндөө жана теракттарды уюштуруу иштери менен алектенип жүрүшкөн. Мындан сырткары алардын арасында адам тоноо кылмышына катышкандар бары аныкталган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Ошондой эле аталган өлкөдөн кайтып келгендерди аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча иштер жүрүүдө.

ИИМ жана УКМКнын маалыматы боюнча, жалпысынан 350дөн ашуун жаран Сирияга кеткен. Алардын ичинен 31и каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG