Жогорку Кеңеш Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча келишимдерди колдоп, добуш берүүгө жөнөттү. Биримдикке киргенден кийинки негизги жеңилдиктер туурасында өкмөт башчы Темир Сариев маалымат берди. Анын айтымында, келишимде көргөзүлгөн жеңилдиктер беш өлкө парламенттери документти ратификациялаган соң ишке кирет.
- Бирдиктүү бажы тарифтери бар. Казакстан менен Кыргызстандагы чек ара ачылгандан баштап жогорулатылган тарифтер кирет. Азыр Орусия, Казакстан жана Беларуста бул процедуралар карала баштады.
Президент кол койгон соң Кыргызстан Евразия экономикалык комиссияга ратификация болгондугун кабарлап, нота жөнөтөт. Ушундай эле документ башка төрт өлкөдөн тең келиши керек. Жогорку Кеңеш ЕАЭБ келишимдерине бүгүн түштөн кийин добуш берет. (КЕ)