Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Мас болуп атышкан маичилерге байланыштуу жетекчилер кызматтан алынды


Мас болуп атышкан МАИ кызматкерлеринин окуясына байланыштуу Чүй облустук Жол кайгуул кызматынын айрым жетекчилери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 16-майда Чүй облустук Жол кайгуул кызматынын эки кызматкери жумуштан соң чырлаша кетип, бири экинчисин кызматтык тапанча менен атып жиберген. Октон жабыркаган кызматкер белинен жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргөн болчу. Окуя болгон күндүн эртеси өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, күч органдарынын өздүк курамдарында тартип начарлап кеткендигин сынга алган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Чүй Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Б.Курманкожоев жана Ж.Маматкеримов милициянын абийирине шек келтиргени үчүн иштен алынды. Ошондой эле облустук Жол кайгуул кызматынын башчысы, тиешелүү эки командир жумуштан четтетилди. Бир канчасына катуу эскертүү берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG