Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:43

Мамдума Орусиядагы чет элдик уюмдарга каршы мыйзам долбоорун колдоду


Мамлекеттик Думанын сессиясынан бир көрүнүш. 24-апрель 2015
Мамлекеттик Думанын сессиясынан бир көрүнүш. 24-апрель 2015

Орусиянын Мамдумасы чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарды “ылайыксыз” деп, алардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам долбоорун колдоду. Анда финансылык мекемелерге берегидей уюмдардын акча каражаттары же мүлкү менен операция жүргүзүүгө тыюу салынат. Андай уюмдардын ишмердигине ыраттуу катышкан жарандар 500 миң рублге чейин айыпка жыгылышы же алты жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Эми мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитүүгө тийиш. Андан соң Орусия президенти Владимир Путин кол койсо, жаңы мыйзам күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG