Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Жалал-Абад: кыздардан акча доолаган милиционер текшерилет


Ушул жылдын 10-майында шаардагы Экономика жана ишкердик университетинин алдындагы коллеждин студент кыздарынын арасында массалык мушташ чыгып, окуяны шаардык Ички иштер башкармалыгы тергөөгө алган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө тергөөчү ишти жабуу максатында кыздардан 20 миң сомдон акча доолап, түнкү саат 11ге чейин тергөө жүргүзгөн. Алардын арасында өспүрүм кыз да болгон.

“Каниет” кризистик борборуна жардам сурап кайрылган кыздардын арызынын негизинде аталган борбор 19-майда шаардык прокуратурага милициянын үстүнөн арызданып кайрылды. Бул тууралуу борбор жетекчиси Мимоза Нуракова “Азаттыкка” билдирди. Кыздардын чатагын азыр шаардык ИИБ териштирип жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG