Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Шаар тургундары мыйзамсыз курулуштарга каршы митингге чыкты


Бүгүн шаар тургундары борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштарга каршы Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Биздин укугубуз” коомдун фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Нааразылык акциясына шаардын төрт районунун 20дай тургун катышты. Алар Шаардык кеңештин депутаттарына жолугуп, суроо-талаптарын айтышты. Ошондой эле шаардагы эс алуу жайларынын кыскарышы, ал жерлерге курулуш иштеринин жүрүп жатканын ортого салышты. Шаардык кеңештин депутаттары кйиинки сессияларда акциянын катышуучуларын чакырып, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чогуу укмай болушту.

Соңку жылдары борбор калаада курулуш көбөйдү. Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдө 3067 объект курулган болсо, анын 331и мыйзамсыз. Анын ичинен 264 объект уруксатсыз пайдаланууга берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG