Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Башкаруу академиясында мыйзам бузуу фактысы катталып, иш козголду


Президенттин алдындагы башкаруу академиясы жана Бишкек финансы-экономикалык техникумунда кызматтык кыянаттык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган окуу жайлардын жооптуу кызматкерлери административдик-чарбалык кызматкерлерден турган 14 шаттык орунду негизсиз кыскарткан. Алардын бардыгына 742 миң сом компенсация төлөнүп берилген. Кийинчерээк кыскартылган орундар кайра калыбына келтирилген. Бирок ал орундарга мурда иштебеген башка адамдар алынган. Мындан мамлекетке олуттуу зыян келгени белгиленет. Кылмыш кодексинин 3-4 беренесине ылайык (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) кылмыш иши козголуп, тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, коррупцияга жол берген деп шектелген. Шамшиев ректор кезинде окуу жайга караштуу ашкананы ижарага берип, 300 миң сомго жакын каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп айыпталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG