Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

УКМК: КТРКнын берүүсү текшерилет


Коомдук каналдан былтыр декабрда чыккан "Тоолуктардын ток шоусу" программасында жазуучу, тарыхчы Баяс Туралдын (Абдрахман Алымбаев) кыргыздарды арстанга, Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрүн чөөлөргө салыштыруусу кызуу талкуу жаратты. КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков коомчулуктан кечирим сурап, бул программа ал директор боло электе кеткендигин билдирүүдө. Ошондой эле бул берүү боюнча атайын комиссия түзүп, териштирүү баштады.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Баяс Туралдын айткандары экспертизадан өткөрүлөрүн, эгер улут аралык кастыкты козуткан жагдайлар болсо жоопко тартыларын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ/UEz)

XS
SM
MD
LG