Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Сот “Вечерний Бишкек” боюнча Рябушкиндин пайдасына чечим чыгарды


Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” басма үйү боюнча Рябушкиндин пайдасына чечим чыгарды.

Ага ылайык, “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кожоюну Александр Ким басылмага таандык “Рубикон” рекламалык фирмасынын мурдагы негиздөөчүсү Александр Рябушкинге 400 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Басылманын кожоюндары бул чечимди судья Алмаз Калыбаев жоопкерлердин катышуусуз эле чыгарып койгонун айтып, нааразылык билдиришүүдө.

Биринчи Май райондук соту буга чейин, атап айтканда, былтыр 24-сентябрда аталган басылмага таандык “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган эле.

“Вечерний Бишкек” басма үйүн анын мурдагы ээси Александр Рябушкин сотко берип, 15 млн. долларга жакын компенсация талап кылган. Ошондой эле учурда басма үйүнүн 100 пайыз жана ага караштуу «Рубикон» рекламалык фирмасынын 50 пайыз акциясы камакта. “Вечерний Бишкек” рейдерлик жол менен басма үйүн тартып алып, ээлик кылууга мамлекет башчынын айланасындагы бир нече киши кызыкдар деп билдирип, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин аттарын атаган. Бирок бул үчөө тең мындай дооматты четке кагышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG