Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Акыйкатчы зордукталган кыздар боюнча иш козгоону талап кылды


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев зордукталды делген 10 жана 6 жаштагы кыздарга байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүнүп, ички иштер министри Мелис Турганбаевге кат жолдоду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Башкы укук коргоочу кыздарды кайрадан көз карандысыз экспертизадан өткөрүү өтүнүчүн да билдирген. Ушундай эле мазмундагы кат Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, ишти ар тараптуу кароо, шектүү адамдын аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү айтылган.

14-май күнү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына өгөй атасы зордуктады деген шек менен 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдилер түшкөн. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган. 17-май күнү кечинде апасы Махабат аларды ооруканадан чыгарып кеткени аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG