Бүгүн “Саресеп” коомдук саясий гезитинин алгачкы саны жарыкка чыкты. Гезит жалпы адамзаттык баалуулуктардын, ынтымак менен жашоонун, экономикалык жана маданий өнүгүүнүн, демократиянын, гуманизмдин жана эркиндик принциптеринин коомдук аң-сезимде бекемделишин камсыздоону көзөйт.
Ошондой эле укуктук демократиялык мамлекеттин өнүгүүсүнө өнөктөш болуу, мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү, чет өлкөлөрдүн саясий, коомдук, экономикалык жана маданий турмушун чагылдыруу менен бирге чет мамлекеттер жана эл аралык байланыштар жөнүндө маалымат топтоо жана таратуу милдетин аткарат.
Гезитин алгачкы саны 5500 нускада басылды. (AsA)