Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Эратов өзү башкарган медресеге ири каражат берилгенин төгүндөдү


Равшан ажы Эратов.
Равшан ажы Эратов.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов өзү башкарып жаткан медресеге муфтияттан “130 миң доллар бөлдүрүп алды” деген маалыматты төгүндөдү. Ал өткөн жылы Кыргызстандын бүт аймагында иш жүргүзүп жаткан медреселерге 126 миң доллар каралганын, каражат окуучулардын санына жараша бөлүштүрүлгөнүн билдирди. Акча ажылыкты уюштуруудагы түшкөн кирешеден берилген. Дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, ажыга жөнөп жаткан ар бир жаран медреселерге колдоо көрсөтүү үчүн 35 доллардан төлөйт.

Буга чейин атын атоону каалабаган булактар Бишкектин Арча-Бешик конушунда Равшан ажы Эратов мүдүр болуп турган медресеге муфтияттан 130 миң доллар бөлүнгөнүн кабарлашкан эле.

Эратов медреседеги окуучулардын санына жараша 500 миң сомдой акча тийгенин айтты. Маалыматка ылайык, муфтият аны накталай эмес, эмерек жана башка керектүү буюмдардын түрүндө берет. Каражат ар бир окуучу үчүн 980 сомдон бөлүнөт. Анын эсеп-кысабы Муфтияттын эсепканасында сакталат.

Равшан ажы Эратов аталган медресеге 2005-жылдан бери мүдүрлүк кылат. Жалпысынан 530 улан-кыз билим алат.

Кыргызстанда 62 медресе расмий каттоого алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG