Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

“Вечерний Бишкек” сот чечимин апелляцияга берет


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кожоюну Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирди. Ал Биринчи май райондук соттун судьясы Алмаз Калыбаев мыйзамга, Конституцияга каршы келген чечим чыгарды деп эсептейт.

Биринчи Май райондук соту 20-майда “Вечерний Бишкек” басма үйү боюнча Рябушкиндин пайдасына чечим чыгарган. Ага ылайык, “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кожоюну Александр Ким басылмага таандык “Рубикон” рекламалык фирмасынын мурдагы негиздөөчүсү Александр Рябушкинге 400 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Адвокат бул чечимди жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайралырын билдирди.

- Биз Башкы прокуратурага да кайрылып, судьялар Алмаз Калыбаев жана Эмил Аксамбаевдин үстүнөн коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз, - деди Воронцов.

Биринчи Май райондук соту былтыр 24-сентябрда аталган басылмага таандык “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган эле.

“Вечерний Бишкек” басма үйүн анын мурдагы ээси Александр Рябушкин сотко берип, 15 млн. долларга жакын компенсация талап кылган. Ошондой эле учурда басма үйүнүн 100 пайыз жана ага караштуу «Рубикон» рекламалык фирмасынын 50 пайыз акциясы камакта. “Вечерний Бишкек” рейдерлик жол менен басма үйүн тартып алып, ээлик кылууга мамлекет башчынын айланасындагы бир нече киши кызыкдар деп билдирип, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин аттарын атаган. Бирок бул үчөө тең мындай дооматты четке кагышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG