Июнь айында Ирак армиясы алчу бул куралдар негизинен “Ислам мамлекети” радикал тобуна Рамади шаарын алууга жардамдашкан жанкечтилерге каршы пайдаланылат, деп билдирди АКШ Мамдепартаменти 20-майда.
Халифатчылар Рамадини алууда шаардын коргонуу системасын бузуу үчүн негизинен жанкечти бомба жардыргычтарды колдонгон. Шаардын ортосундагы Ирак армиясынын өңүттөрүнө жанкечтилер булдозерди айдап барып жардырышууда, дейт атын атабоону каалаган америкалык ырасмий булак. Рамадинин ортосундагы чеп коргон дале Ирак аскерлеринин колунда.