Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Нарында быйыл биринчи жолу гречка айдалат


Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн айыл чарба адиси Табылды Жумагулов билдирди. Анын айтымында, 20 миң гектардан ашык жерге дан азыктары, 4 миң гектардан ашуун жерге картошка, дагы бир бөлүгүнө жашылча, жүгөрү айдалган. Быйыл облустун Жумгал районуна биринчи жолу гречка айдалып жатат. Учурда пландалган 30 гектардын 3 гектарына эгилди.

Айдап себүү иштерин 1-июнга чейин бүтүрүү пландалууда. Быйыл облус боюнча 146 млн. 849 миң сом жеңилдетилген насыя берилген.

Жалпысынан пландалган 38 миң 476 гектар жердин 76 пайызына бүгүнкү күндө айдап-себүү иштери бүттү. (MiK)

XS
SM
MD
LG