Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

“Кыргызалтындын” жетекчи орун басары дайындалды


Бектур Сагынов “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Сагынов буга чейин Кумтөр боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Консультативдик кеңештин катчылыгында эксперт болуп иштеген. Ошондой эле Президенттин жана өкмөттүн аппаратында энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти.

2013-жылдан бери бул орунда иштеп келаткан Кылычбек Шакиров апрелдин соңунда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Шакиров өкмөт анын билимин, тажрыйбасын тиешелүү деңгээлде баалабаганы үчүн ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” айткан эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG