Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Ирак шиитери: Рамади ИМ тобунан бошотулат


Рамади шаарынан качкан бозгундар Багддагы көпүрөдөн өтүп баратышат.
Рамади шаарынан качкан бозгундар Багддагы көпүрөдөн өтүп баратышат.

Ирак армиясына көмөктөшкөн шиит милициясы Рамади жеңил алынат деп ишенет. Ирак шииттеринин Элдик мобилизация деп аталган ыктыярдуу милициясынын өкүлү Юсуф Килаби “Азаттыкка” телефондон сүйлөп, Рамади шаары халифатчылардан тез эле бошотулат деген ишеним күчтүү экенин айтты: "Рамади үчүн салгылашуу - Кудай кааласа - буга чейинки айкаштардан бир кыйла жеңил болот деп ишенебиз. Себеби, биздин аскерлерди уруулар колдошууда, максатыбыз бир. Элдик мобилизациянын бөлүктөрүнө мурдагыдан сапаттуу көп курал келатат..."

Багдаддан 110 чакырымдай батыштагы Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары 17-майда өкмөттүк күчтөрдөн алышкан.

XS
SM
MD
LG