Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Меркел Орусияны эл аралык мыйзамдарды урматтоого чакырды


Германиянын канцлери Ангела Меркел 21-майда немис парламентинде сүйлөп, Украина кризиси Чыгыш кызматташтыгы алкагында кызматташууну маанилүү кылды деди:

- Биз Чыгыш кызматташтыгын максаты катары Чоң Жетинин баалуулуктары үчүн күрөшөбүз. Бул эркиндик, демократия, мыйзамдуулук үчүн чогуу иштейбиз дегенди түшүндүрөт. Бул өлкөлөрдүн мыйзамдарын жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоо дегенди билдирет. Орусия береги жалпы баалуулуктарды сактамайынча, биз Чоң Сегиздин форматына кайрыла албайбыз.

Орусия Крымды аннексиялап алгандан улам Чоң Сегиз ишин токтотуп, жыйындарын Чоң Жети форматында өткөрүп калган.

Чыгыш кызматташтыгы демилгесине Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова жана Украина мүчө.

XS
SM
MD
LG