Евробиримдиктин жетекчилиги Чыгыш кызматташтыгынын алты мүчөсүнө Брюссель ар дайым алар менен тыгыз байланышта болот деп бекемдөөдө. Биримдиктин башчысы Дональд Туск жолугушууда саммит Москвага каршы багытталбаганын айтты.
Чыгыш кызматташтыгы программасынын мүчөлөрү - Украина, Грузия, Молдавия, Азербайжан, Армения жана Белорус. Алдыңкы үчөө Евробиримдик менен тереңирээк интеграциялашууну каалагандар.
Немис канцлери Ангела Меркел саммитте сүйлөгөн сөзүндө Чыгыш кызматташтыгы Евробиримдикти кеңейтүү аракет эместигин, европалык блок менен жакындашууну көздөгөн жаңы ыкма экендигин эскертти.