Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаевдин атынан айрым мамлекеттик кызматкерлерге телефон чалып, акчасын алган шылуун учурда түрмөдө болуп чыкты. ИИМдин маалыматы боюнча, 30-январда "өзүн телефондон Данияр Нарынбаевмин деп тааныштырган бирөө чоң суммадагы акча алганын” айтып, жабырлануучулар арыз жазган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, ал шылуун Ново-Покровкадагы түрмөдө жатканы аныкталган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 11-май күнү дагы башка жабырлануучулар милицияга кайрылышкан. Анда да Ысык-Көл облустук жетекчилигинде иштеген аткаминерге “Нарынбаевмин” деп телефон чалып, 8500 сомун алган адам түрмөдө жатканы аныкталды.
ИИМ акыркы убактарда жабык жайларда туруп, телефон аркылуу ар кандай жолдор менен, коркутуп-үркүтүп, жарандардан акча тоногон учурлар көбөйгөнүн маалымдайт. Ага ылайык, өткөн бир эле жылда соттолуп, жабык жайда жаткандар ишенчээк адамдардан 10 млн. сомдон ашуун акча алып коюшкан. Уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү мындай жол менен тонолгон акчадан 1 млн. сомду туугандарына которгон. Дагы бирөө аялынын телефону аркылуу 500 миң сомду накталай акчага айланткан.
ИИМдин маалыматы боюнча мындай иштерге жаза аткаруучу жайлардын кызматкерлери да аралашкан.(ZKo)