Премьер-министр Темир Сариев зордукталды делген 6 жана 10 жаштагы бир туугандардын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сариев саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиевге кайрадан көз карандысыз экспертизадан өткөрүп, керек болгон медициналык жардамды көрсөтүүнү тапшырды. Муну менен катар ички иштер министри Мелис Турганбаевге окуяны акыйкат иликтөө, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге окуянын себептерин аныктоо тапшырылды.
14-май күнү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына өгөй атасы зордуктады деген шек менен 10 жана 6 жаштагы эже-сиңди түшкөн. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган. 17-май күнү кечинде апасы Махабат аларды ооруканадан чыгарып кеткени аныкталган. Кыздардын апасы күйөөсүнүн байланыштары көп экенин жана андан коркорун “Азаттыкка” берген маеги учурунда билдирген. Окуяны тыкыр иликтөөнү айрым жарандык коом өкүлдөрү да талап кылып чыгышкан. (КЕ)