Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда камакта отурган Нариман Түлеевге жаңы кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, Түлеев мэр болуп турган убакта мыйзамсыз жер бөлүп берген. Азырынча кайсы жана канча жер бөлүнгөнү тууралуу кененирээк маалымат айтыла элек.
Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп иштеген. Ага Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу техника сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылып, 2012-жылы камакка алынган. Былтыр декабрь айында Бишкек шаардык соту Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен. Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет. (КЕ)