Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүгү саммити аяктоодо


Чыгыш өнөктөштүгү саммитине келген лидерлер. Рига, 22-май, 2015-жыл.
Чыгыш өнөктөштүгү саммитине келген лидерлер. Рига, 22-май, 2015-жыл.

Латвия борбору Ригадагы саммитке Евробиримдиктин 28 өлкөсү жана Чыгыш өнөктөштүгү программасына кирген Украина,Грузия, Молдова, Азербайжан, Армения, Беларус катышууда.

Булардын ичинен Украина, Грузия, Молдова, Азербайжан Евробиримдик менен тыгыз интеграцияны көздөйт.

Ал эми Орусия баштаган Евразия экономикалык союзуна кирген Армения жана Беларустун ЕБ менен алака-катышы чектелүү.

"Азаттыктын” Ригада жүргөн кабарчылары маалымдагандай, саммиттин жыйынтык декаларациясында камтылышы мүмкүн эң чоң маселе Украина жана Грузия үчүн берилүүчү виза жеңилдиктери болчудай.

Бул саммитте да Орусиянын Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжаалдагы ролу үстөмдүк кылууда.

Еврошаркеттин президенти Дональд Туск саммиттин алгачкы күнүндө алардын Чыгыш өнөктөштүгү программасын эски совет республикаларын Орусиядан алыстатуу боюнча” сулуулук сынагы” эмес деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG