Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясына караштуу Жеке турак жай курулуш департаментинин директору Самарбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, муниципалдык аймакка тийиштүү жерге эч кандай уруксат документтери жок салынган алты курулуш бузулган. Алар көбүнчө чектен чыгып кеткен дубалдар.
- 2015-жылы департамент тарабынан 70ке чукул дубал бузулду. Азырынча кашаалар эле бузулуп жатат. Мыйзамсыз салынып калган тамдар боюнча сот иштери уланууда. Анткени бул абдан оор чечим. Канча киши жашайт - ошону баары аныкташ керек. Бизде тамдарды бузуу боюнча 30дан ашуун соттун чечими бар. Алар сот аткаруучулар тарабынан аткарылбай жатат.
Соңку жылдары борбор калаада курулуш көбөйдү. Жаңы конуштарда жана шаардын чок ортосунда уруксаты жок, бала бакча, бейтапкана салынчу жерге курулган имараттар, тамдар арбын экенин адистер белгилеп жүрүшөт. (КЕ)