Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга кол коюлду


Кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык, коомчулукка жеткиликтүү болгон ачык жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор жана башка), өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарды, курулуштарды, ошондой эле автоунаалар токтотулуучу жайларды, кооперативдик гараждарды сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдуу ченеми киргизилет.

Мыйзам Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдыла турган объекттерди иштеткен юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат. Аталган мыйзамды парламент апрель айында кабыл алган.

Видеокөзөмөлгө байланыштуу “Коопсуз шаар” долбоору бир топ убактан бери ишке ашпай келатат. Тендерде “Стилсофт Бишкек” компаниясы уткан. Бирок Ички иштер министрлиги тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылган болчу. Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн сынакта тендердик комиссия мыйзам бузууга барган деп корутунду чыгарды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG