Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

“Ишембилик эстафетасы” Билим берүү министрлигине жетти


Жаш журналисттердин демилгеси менен башталган ишембилик эстафетасы Саламаттыкты сактоо министрлигинен Билим берүү министрлигине берилди. Эстафетанын шарттуу белгисине айланган шыпыргыны министр Талантбек Батыралиев кесиптеши Элвира Сариевага тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министри Батыралиевдин айтымында, эстафета алкагында бүгүн, 23-майда бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде ишембилик өткөрүлгөн.

Ишембилик эстафетасы 27-апрелде башталган. Бишкектеги Журналисттер аллеясында журналисттер, шаар мэри, депутаттар жана активисттер катышкан ишембилик өткөн. Анда токойдогу таштандылар алынып, дарактар акталып, 100 көчөт отургузулган. Ишембилик аягында эстафета Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG