Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Аба ырайы


Чукул билдирүү

23-майдан 25-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайытта мал кармоону кыйындатат. 23-майдан 25-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

24-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2 градус жылуу болот.

24-майда Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12 градус, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG