Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Ош: милиция элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Ошто шаардык ички иштер башкармалыгы элди соңку кездери тарап жаткан ар кандай ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков жашоочулар менен жолугушуу учурунда Ош тополоң чыгарып, машыга турчу жер эместигин айтып, башаламандыктар болбойт деп ишендирди.

Буга чейин эл арасында Ошто дагы ызы-чуу, ири теракттар болот деген имиш сөздөр кимдир бирөөлөр тарабынан атайын таратылып жатканы айтылган. Милиция беш жыл мурунку июнь окуясынан бери жыл сайын май-июнь айларында түрдүү ушактар күчөп жатканын билдирип, элди жасалма дүрбөлөңгө ишенбөөгө чакырат. (YI)

XS
SM
MD
LG