Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Eurovision-2015: швециялык ырчы жеңди


Монс Целмерлев, Австрия, 23-май, 2015-жыл.
Монс Целмерлев, Австрия, 23-май, 2015-жыл.

Австриянын борбору Вена шаарында 23-май күнү жыйынтыкталган Eurovision-2015 эл аралык ыр сынагында швециялык Монс Целмерлев жеңүүчү аталды. Швеция бул сынакта ушуну менен алтынчы ирет биринчиликти ээледи. Быйыл экинчи орунга орусиялык Полина Гагарина, үчүнчү орунга италиялык Il Volo тобу чыкты. Добуш берүүгө 40 мамлекет катышты.

Алдыңкы бешилтикке белгиялык Лоик Нотте менен австралиялык Гай Себастьян да кирди.

Быйыл 60-ирет өтүп жаткан Eurovision сынагы 19-майда башталган. Ыр таймашка жалпысынан 40 мамлекет катышып, 27си финалга чыккан.

Европадагы букмекерлик кеңселер бул жылы Швеция, Италия, Австралия жана Норвегиянын ырчыларын алдыңкы орунду алат деп божомолдошкон эле. Биринчи жарым финалдан соң орусиялык Полина Гагаринанын мүмкүнчүлүгү да жогору экени айтыла баштаган.

Бул жолу Австрия менен Германиянын атынан катышкан ырчыларга бир да добуш берилген жок.

Европа телерадио биримдиги тарабынан 60 жылдан бери уюштурулуп келаткан бул сынак алгач ирет Швейцарияда болгон. Бул аралыкта эң көп жолу Ирландия (7 ирет) жеңүүчү аталган.

Эрежеге ылайык, биринчиликти алган өлкө кийинки жылкы сынакты уюштурат. Былтыр Данияда австриялык "сакалчан кыз" образындагы Кончита Вурст жеңүүчү болгон эле. (SE)

XS
SM
MD
LG