Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Сузактагы жер көчкүдө жоголгон 4 кишинин сөөгү табылды


Бул туурасында “Азаттыкка” Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, жер көчкү Сузактын Кырк-Жол айылында 23-майдан 24-майга караган түнү саат бирлерде болгон. Көчкү 22 киши жашаган беш үйдү басып калган.

Бүгүн топурак алдында калган алты кишинин төртөөсүнүн сөөгү табылып, калган эки киши изделүүдө. Ушул тапта жабыркаган дагы 5 киши ооруканага жеткирилди. Калган жашоочулар үйлөрдөн качып чыгууга үлгүрүшкөн.

Каза тапкандардын арасында 5-6 жаштагы балдар да бар.

Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган куткаруучулар тобу иштеп жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG