Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Орус премьери Украинанын карыздары туурасында билдирүү жасады


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев эгер Украина сырткы карыздарды төлөөгө мораторий киргизүү чечимин кабыл ала турган болсо, Орусия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргой турганын билдирди. “Россия-1” телеканалына курган маегинде орус премьери эгер ушундай кырдаал жарала турган болсо, анда орус банктары акчасын өндүрүп алуу боюнча эл аралык сотторго кайрыларын айтты. Медведевдин белгилешинче, Украинанын азыркы бийлигинин мурунку өкмөттүн карыздарын төлөөдөн баш тартуусу өлкөнүн дефолтко кептелгенин түшүндүрөт жана анын Эл аралык валюта фонду менен келишимдерине таасирин тийгизет.

Украинанын Жогорку Радасы 19-майда өкмөткө айрым жеке кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөөгө мораторий жарыялоо укугун берген мыйзам кабыл алган.

Кийинки эле күнү орус президенти Владимир Путин Кремлдеги жыйында орус банктары украин кардарларына 25 миллиард доллардай насыя бергенин билдирген. Орусия, мындан тышкары, 3 миллиард доллар каражатты украиналык еврооблигацияларда кармап турат.

Дмитрий Медведев Орусия бул карыздарды төлөө шартын кайра карап чыкпай турганын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG