Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Сузакта көчкү басып калган 6 кишинин тең сөөгү табылды


Кырсык болгон Кыркжол айылында бүгүн издөө иштеринин жыйынтыгында топурак алдында калган 6 кишинин сөөгү табылды. Алардын арасында кичинекей балдар дагы бар.

Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үйсүз калгандар үчүн убактылуу беш чатыр тургузуп берди. Көчкү астында калган беш үйдүн тургундарына президент 100 миң сомдон, өкмөт 50 миң сомдон жардам бермей болду. Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10 күндүн ичинде 200 миң сомдон ссуда берүү маселесин чечип берерин айтты.

Алдын ала маалыматтарга караганда жер көчкү Сузактын Кыркжол айылында 23-майдан 24-майга караган түнү саат бирлерде болгон. Ал 22 киши жашаган беш үйдү топурак басып калган. Жыйынтыгында 6 киши көчкү астында калган. Ушул тапта жабыркаган дагы 5 киши ооруканага жеткирилди. Калган жашоочулар үйлөрдөн качып чыгууга үлгүрүшкөн. (AzK\RsK)

XS
SM
MD
LG