2014-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 1,2 миллиард долларды түзгөнүн Синань шаарында өтүп жаткан кыргыз-кытай форумунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер жакшы деңгээлде өнүгүп бара жатат. Ушул тапта Кыргызстандын энергетика, айыл чарба, тоо-кен, мунай, газ өндүрүшү, транспорт, жол курулушу тармагындагы 400дөн ашуун биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары ири долбоорлорду ишке ашырууда.
Сарпашев Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн кызыгуу жаратып жаткандыгын белгилеп, кытай ишкерлерин өлкө экономикасына инвестиция салууга чакырды. (AzK)